Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushНарын облусунун Кочкор районунда Энелер күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, райондогу маданият үйүндө энелер күнүнө карата «Улуттун келечеги энелердин колунда» аттуу иш-чара өттү.

Аталган иш-чарага райондогу баатыр энелер, көп балалуу энелер катышып, аларга белектер берилди. Ошондой эле, М.Мусулманкулов атындагы исскуство мектебинин өнөрпоздору тарабынан энелерге концерт тартууланды.

  • Кочкор районунда 849 «Баатыр эне» бар, алардын улуусу Жекей Молдобаева 105 жашта.

«Баатыр эне» ордени менен энелер 7 жана андан көп бала төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган, балдардын ден соолугу, билими, дене боюнун жана адеп-ахлактык өнүгүүсү жөнүндө талаптагыдай камкордуктун деңгээлин камсыз кылган Кыргыз Республикасынын жарандары сыйланышат.

«Баатыр эне» ордени менен сыйлоодо төмөнкү балдар да эске алынат:

1) Мыйзамда белгиленген тартипте асырап алынгандар, эгерде асырап алгандан кийин 3 жылдан көп убакыт өтсө жана багып алынган балдар чогуу жашаса;

2) Ата мекенди жана анын мамлекеттик кызыкчылыктарын коргоодо, адам өмүрүн сактап калуу, мыйзамдуулукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча жарандык парзын аткарууда курман болгондор же дайынсыз жоголгондор.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version