Кочкордо 16 жаштагы Айжамал Эркинбекова изделүүдө

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Нарын облусунун Кочкор районунда 16 жаштагы Айжамал Эркинбекова аттуу кыз изделүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 12-май күнү Кочкор РИИБге Төлөк айылынын тургуну, 1987-жылы туулган К.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 7-май күнү болжол менен саат 11:00 чамасында 2009-жылы туулган кызы Айжамал Эркинбекова үйдөн Кочкор айылына чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айтып, издөө иштерин жүргүзүүгө жардам сураган.

Аталган арыз Кочкор РИИБ тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жоголгон кыздын өзгөчө белгилери:

Бою 160-165 см., көзү — кара, чачы — кара, белине чейин, денесинин түзүлүшү — арык сымал, оозунун алдында кара калы бар.

Кийген кийимдери:

Үстүндө кара жука кофта, бутунда ак-кара ботас, кара түстөгү шым тизесинен келет.

Жогорудагы дайынсыз жоголуп жаткан жаран боюнча кандайдыр бир маалымат болсо тез арада билдирип коюңуздар.

Байланыш номери: 102 жана 0700 24 13 25

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link