Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushНарын облусунун Кочкор районунда 16 жаштагы Айжамал Эркинбекова аттуу кыз изделүүдө. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 12-май күнү Кочкор РИИБге Төлөк айылынын тургуну, 1987-жылы туулган К.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 7-май күнү болжол менен саат 11:00 чамасында 2009-жылы туулган кызы Айжамал Эркинбекова үйдөн Кочкор айылына чыгып кеткен бойдон кайтып келбегенин айтып, издөө иштерин жүргүзүүгө жардам сураган.

Аталган арыз Кочкор РИИБ тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жоголгон кыздын өзгөчө белгилери:

Бою 160-165 см., көзү — кара, чачы — кара, белине чейин, денесинин түзүлүшү — арык сымал, оозунун алдында кара калы бар.

Кийген кийимдери:

Үстүндө кара жука кофта, бутунда ак-кара ботас, кара түстөгү шым тизесинен келет.

Жогорудагы дайынсыз жоголуп жаткан жаран боюнча кандайдыр бир маалымат болсо тез арада билдирип коюңуздар.

Байланыш номери: 102 жана 0700 24 13 25

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version