Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushКочкор районунда дайынсыз жоголгон 16 жаштагы Айжамал Эркинбекова табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2025-жылдын 12-май күнү Кочкор РИИБге Төлөк айылынын тургуну, 1987-жылы туулган К.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 7-май күнү болжол менен саат 11:00 чамасында 2009-жылы туулган кызы Айжамал Эркинбекова үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Арыз Кочкор РИИБ тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлө баштаган.

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин жыйынтыгында өспүрүм Нарын облусунун Жумгал районунан табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Учурда бул факты боюнча тергөө амалдары уланууда.

Буга чейин Turmush басылмасы Нарын облусунун Кочкор районунда 16 жаштагы Айжамал Эркинбекова аттуу кыз изделип жатканын билдирген.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version