Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushТүп жана Бостери айылдарында милициянын жаңы имараттары салынууда. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка караганда, Ички иштер министрлиги тарабынан республика аймагында укук коргоо органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында ири долбоор ишке ашууда. Бул иш-чаранын алкагында Ысык-Көл облусундагы эки райондо — Түп жана Ысык-Көл райондорунда милиция имараттарынын курулушу расмий түрдө башталды.

Түп районуна караштуу Корумду айылында 2 кабаттуу, кызматтык үйү менен камсыздалган, талаптарга жооп берген айылдык милиция бөлүмчөсүнүн курулушуна капсула салынды.

Ошондой эле, 5 кабаттуу, иш сапарга келген кызматкерлер үчүн кызматтык жатаканасы жана кызматтык үйү менен бирге чоң айылдык милиция бөлүмчөсүнүн имараты Ысык-Көл районунун Бостери айылында тургузулат.

Бул объекттердин баары милиция кызматкерлеринин ишине максималдуу шарт түзүү менен бирге, калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган.

Салтанаттуу капсула салуу аземине Ысык-Көл ОИИБдин башчысымМурат Боронов, Түп жана Ысык-Көл райондорунун акимдери Жапарбек Ормонов менен Каныбек Абдиев, айыл өкмөт башчылары, ички иштер органдарынын ардагерлери жана өздүк курамы катышты.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version