Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Президент Садыр Жапаров “Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 3-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты бөгөт коюу чаралары системасында күрөөнүн ролун күчөтүү жана аны кыйла натыйжалуу колдонууга өбөлгө болуучу механизмдерди иштеп чыгуу, ошону менен бирге кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө видеоконференция байланышты жакшыртуу болуп саналат.

Ошентип мыйзамда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин төмөндөгүлөрдү белгилеген ченемдер менен толуктоо каралган:

− “видеоконференция байланышы” жана “трансляциялоо (онлайн трансляциялоо)” түшүнүктөрү;

− айыпталуучунун соттук отурумдардын протоколдору менен (анын ичинде аудио жана видео жазуулар менен) таанышууга жана аларга карата сын-пикирлерди берүүгө, телевидение, радио аркылуу жана (же) интернет тармагында түз эфир режиминде соттук отурумду трансляциялоону (онлайн трансляциялоону) колдонуу аркылуу соттук териштирүү жүргүзүү жөнүндө өтүнмө берүүгө укуктары;

− милдеттүү түрдө аудио жана видео жазуу каражаттарынын жардамы менен соттук отурумдун жүрүшүн жазып алуу;

− аудио жана видео жазуулардын жоктугу соттун чечимин өзгөртүүгө, кайра кароого же жокко чыгарууга негиздердин бири болуусу;

− кылмыштын оордугуна жараша күрөөнүн минималдуу өлчөмдөрү.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version