Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Президент “Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2025-жылдын 10-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен төмөнкү калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү каралган:

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Челек айыл аймагынын Атантай калктуу конушу;

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун С. Атабеков айыл аймагынын Кыдырша калктуу конушу;

Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Арык уулу калктуу конушу;

Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айыл аймагынын Гүлистан калктуу конушу;

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айыл аймагынын Бер-Булак калктуу конушу.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзам менен жаңы түзүлгөн айылдардын чек араларынын баяндалышы бекитилүүдө.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version