Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызстандык спортчулар Тайландда өтүп жаткан бокс боюнча эл аралык турнирге катышууда.

«Thailand Open 2025» турнири 24-майда Бангкок шаарында башталды.

Мелдештин биринчи күнү рингге кыргызстандык 2 спортчу чыкты. Ихтияр Нишонов 70 кг салмак категориясында ат салышып, 1/8 финалдык баскычтан баштап, биринчи раундда Иорданиядан келген спортчуну нокаутка жыкты.

Мирзохид Имамназаров (60 кг) 1/8 финалда казакстандык боксчу Оразбек Ассылкулов менен кездешти. Үч раунд 4:1 эсебинде жыйынтыкталып, жеңиш  казакстандык мушкерге ыйгарылды. Муну менен Имамназаров медаль үчүн күрөштөн четтеди.

25-майда дагы 2 кыргызстандык мушкер алгачкы беттештерин өткөрүштү.

Ислам Төрөбаев (55 кг) 1/8 финалда гонконгдук спортчуну калыстардын бир добушу менен жеңип алса, Өмүрбек Бекжигит уулу дагы 5:0 эсебинде Камбожанын өкүлүн жеңди.

27-майда 1/4 финалдык беттештер өтөт. Анда Нишонов Сингапурдун өкүлү менен беттешет.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version