Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандык спортчу Мырзакир Кошалиев Шри-Ланкада өткөн жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы бокс боюнча Азия чемпионатында «Мыкты боксчу» деп табылды.
Мелдеш 12-23-май күндөрү Коломбо шаарында өттү.
Кошалиев 22 жашка чейинки спортчулар арасында 92 кг салмак категориясында күч сынашты. Бул категорияга жалпысынан 4 спортчу катталган.
Кыргызстандык спортчу алгачкы беттеште Өзбекстандын атынан чыккан этникалык казакты жеңип, финалда Казакстандын өкүлүнөн күчтүү болду.
Кошалиев 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынып, Азия чемпиону аталды. Андан тышкары турнирдин мыкты боксчусу деп табылды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
