Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызстандык спортчу Мырзакир Кошалиев Шри-Ланкада өткөн жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы бокс боюнча Азия чемпионатында «Мыкты боксчу» деп табылды.

Мелдеш 12-23-май күндөрү Коломбо шаарында өттү.

Кошалиев 22 жашка чейинки спортчулар арасында 92 кг салмак категориясында күч сынашты. Бул категорияга жалпысынан 4 спортчу катталган.

Кыргызстандык спортчу алгачкы беттеште Өзбекстандын атынан чыккан этникалык казакты жеңип, финалда Казакстандын өкүлүнөн күчтүү болду.

Кошалиев 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынып, Азия чемпиону аталды. Андан тышкары турнирдин мыкты боксчусу деп табылды.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version