Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  2026-жылы хоккей боюнча экинчи дивизиондун командалары арасындагы дүйнө чемпионаты өтө турган өлкө белгилүү болду.

Кыргызстандын курамасы Түркияда 2025-жылдын 21-27-апрелинде өткөн үчүнчү дивизиондогу (А тайпасы) командалар арасындагы турнирде жеңишке жеткен. Кыргызстандын курамасы алтын медалга ээ болуп, 2026-жылдагы экинчи дивизионго (В тайпасы) жолдомо алган.

2026-жылы экинчи дивизиондун В тайпасынын турнири 6-12-апрель күндөрү Софияда (Болгария) өтөт.

Анда 6 курама команда ойнойт:

– Исландия, 2025-жылы экинчи дивизиондо (В тайпасы) 2-орун;

– Жаңы Зеландия, 2025-жылы экинчи дивизиондо (В тайпасы) 3-орун;

– Болгария, 2025-жылы экинчи дивизиондо (В тайпасы) 4-орун;

– Кытай Тайбэйи, 2025-жылы экинчи дивизиондо (В тайпасы) 5-орун;

– Израиль, 2025-жылы экинчи дивизиондо (А тайпасы) 6-орун;

– Кыргызстан, 2025-жылы үчүнчү дивизиондо (А тайпасы) 1-орун.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version