Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандын Кореядагы элчилиги 12-майда жаңы имаратка көчтү.
Тышкы иштер министрлиги маалымдагандай, элчилик эми:
- Сеул, Чонно-гу, Чхонгун-дон, 53-57 (Чахамун-ро, 125-12)
 - Seoul, Jongno-gu, Cheongun-dong 53-57, (Jahamun-ro 125-12)
 - 서울 종로구 청운동 53-57 (자하문로 125-12) жаңы дарек боюнча иштейт.
 
Элчиликтин жаңы имараты Сеул шаарынын борбордук бөлүгүндө, метронун негизги линияларына жана автобус каттамдарына жакын жайгашкан.
Жарандар бардык суроолор боюнча +82 10 9527 9020 (өзгөчө кырдаалдарда +82 1097980951) телефон номурлары аркылуу байланыша алышат.
Буга чейин тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев министрлик элчилик үчүн Сеулдан имарат сатып алып жатканын билдирген.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					