Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Май майрамдарынан кийин Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына бейтаптардын агымы байкалууда. Бул тууралуу 13-майда «Биринчи радионун» эфиринде оорукананын балдар бөлүмүнүн башкы дарыгеринин орун басары Нургүл Молдалиева билдирди.

Анын айтымында, 1-майдан 11-майга чейин кайрылуулардын саны туруктуу болгон.

«12-майда бир сутка ичинде кайрылуулардын саны көп болуп, 300гө жакын бейтапка жеткен. Түнкү убакытка чейин кабыл алуу бөлүмү жетишпей, стационардык нөөмөттө турган башка дарыгерлерди мобилизациялоого туура келди», – деди ал.

Молдалиева бир сутка ичинде кызамыкка шектелип 35 адам кайрылганын маалымдады.

«Негизинен 40ка чейин кайрылуулар — бул күнүмдүк тенденция. Биз баарын ооруканага жаткырбайбыз, ооруканага жаткырууга негиз боло турчу көрсөтмөлөр бар. Бирок кызамык оорусу азыр абдан агрессивдүү жүрүп жатканын эске алуу керек. Кайрылуулардын 50%ы оор жана өтө оор формалар, өлүмгө учуроолор да бар. Дээрлик бардык бейтаптар эмделген эмес», – деди ал.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version