Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Бүгүн, 20-май күнү Манас районунда Энелер күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.
Маалыматка караганда, иш-чарага жалпы 300дөн ашуун эне катышып, аларга майрамдык маанай тартууланды. Аким Э.Омошев энелерди куттуктап, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жаштарды тарбиялоого кошкон зор салымдары жана көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн айрым апаларга «Манас районунун ардактуу атуулу» наамын ыйгарды.
Иш-чаранын алкагында маданият бөлүмүнүн кызматкерлери жана балдарга билим берүү борборунун окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
