Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushБүгүн, 20-май күнү  Манас районунда Энелер күнүнө арналган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалыматка караганда, иш-чарага жалпы 300дөн ашуун эне катышып, аларга майрамдык маанай тартууланды. Аким Э.Омошев энелерди куттуктап, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жаштарды тарбиялоого кошкон зор салымдары жана көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн айрым апаларга «Манас районунун ардактуу атуулу» наамын ыйгарды.

Иш-чаранын алкагында маданият бөлүмүнүн кызматкерлери жана балдарга билим берүү борборунун окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version