Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Министрлер кабинети «Жалал-Абад Кен Байлыктары» ЖЧКсына Аючачы Чаткал тилкесинде алтын иштетүүгө жер казынасын пайдалануу укугун берди.

Бул тууралуу Минкабдын 30-апрелдеги тескемесинде баяндалгандай, аянты 5,9 га болгон кен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, «Жалал-Абад Кен Байлыктары» ЖЧКсынын жетекчиси болуп Сейдилдаев Данияр Жыргалбекович саналат, негиздөөчүсү – Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик. Алгачкы каттоодон өткөн күнү: 2022-жылдын 27-октябры, кайра катталган күнү: 2024-жылдын 7-марты. Ишмердүүлүгүнүн түрү: Баалуу (асыл) металлдардын кендерин казып алуу жана байытуу.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан Аючачы Чаткал тилкесинде алтын иштетүү үчүн тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер.











Бурчтук чекиттердин тик бурчтуу координаттары
№ пункт X Y
1 12706180 4653384
2 12706244 4653407
3 12706375 4653236
4 12706208 4653059
5 12706050 4653263
Аянты 5,9 га

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version