Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  2-майга караган түнү Россиянын Москва шаары менен Москва облусунда кар жаады. Кардын калыңдыгынан дарактар кулап, жолдордо тыгындар пайда болду.

Метеоролог Евгений Тишковец өзүнүн телеграм-каналында Москвада түн жарымында «нөшөрлөп кар жааганын» жазган.

Муну менен Москвада 116 жылдык жаан-чачындын рекорду жаңыланды. Өткөн түнү ВДНХ жана Балчуг метеорологиялык станцияларында дагы 14 мм жаан-чачын болуп, бул май айындагы норманын 22%ын түздү.

Синоптиктердин айтымында, 3-майда түш ченде жаан-чачын токтойт. Бирок түнкүсүн үшүк жүрүп, унаа жолдор тайгалак болот.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version