Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандык дагы бир мушкер Тайландда өтүп жаткан эл аралык турнирдин жарым финалына чыкты.
«Thailand Open 2025» турнири ушул күндөрү Бангкок шаарында өтүп жатат. 26-майда чейрек финалдык беттешүүлөр өттү.
Ислам Төрөбаев17 спортчунун арасында 55 кг салмактагы категорияда күч сынашууда.
25-майда ал Гонконгдук мушкерди жеңип, 27-майда чейрек финалдык беттеште Тайланддык спортчуну жеңди.
Төрөбаев жарым финалга чыкты. Эми ал 29-майда Өзбекстандан келген Фарёзбек Дусматов менен беттешет.
Буга чейин Ихтияр Нишонов 70 кг салмактагы категорияда жарым финалга чыккан.
27-майда кечки сессияда Мунарбек Сейитбек уулу жана Өмүрбек Бекжигит уулу жарым финалга чыгуу үчүн беттеш өткөрүшөт.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды