Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызстандык дагы бир мушкер Тайландда өтүп жаткан эл аралык турнирдин жарым финалына чыкты.

«Thailand Open 2025» турнири ушул күндөрү Бангкок шаарында өтүп жатат. 26-майда чейрек финалдык беттешүүлөр өттү.

Ислам Төрөбаев17 спортчунун арасында 55 кг салмактагы категорияда күч сынашууда.

25-майда ал Гонконгдук мушкерди жеңип, 27-майда чейрек финалдык беттеште Тайланддык спортчуну жеңди.

Төрөбаев жарым финалга чыкты. Эми ал 29-майда Өзбекстандан келген Фарёзбек Дусматов менен беттешет.

Буга чейин Ихтияр Нишонов 70 кг салмактагы категорияда жарым финалга чыккан.

27-майда кечки сессияда Мунарбек Сейитбек уулу жана Өмүрбек Бекжигит уулу жарым финалга чыгуу үчүн беттеш өткөрүшөт.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version