Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Билим АКИpress – Нарын шаарында «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү – 2025» облустук сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
15-май күнү сынак Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов орто мектебинде өткөрүлүп, ага облустук усулдук билим берүү борборунун, Нарын регионалдык бөлүмүнүн жана Нарын шаарындагы автомектептердин кызматкерлери катышышты.
Облустук сынакка шаар-райондордо өткөрүлгөн сынактарда жеңүүчү болгон жалпы 6 команда катышып, жыйынтыгында жеңүүчү командалар аныкталды.
Жеңүүчүлөр:
- 1-орун — Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинин «Перекресток» командасы;
- 2-орун — Кочкор районунун Ишеналы Арабаев атындагы орто мектебинин «Ак-Жол» командасы;
- 3-орун — Нарын районунун Абылкасым Жутакеев атындагы орто мектебинин «Эдельвейс» командасы.
Жеңүүчүлөргө балуу белектер, кубок, дипломдор жана грамоталар тапшырылды.
Ал эми 1-орунду ээлеген Кычан Жакыпов атындагы орто мектебинин «Перекресток» командасы республикалык мелдешке катышууга мүмкүндүк алды.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
