Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Билим АКИpress – Нарын шаарында «Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү – 2025» облустук сынагы уюштурулуп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу Нарын облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

15-май күнү сынак Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов орто мектебинде өткөрүлүп, ага облустук усулдук билим берүү борборунун, Нарын регионалдык бөлүмүнүн жана Нарын шаарындагы автомектептердин кызматкерлери катышышты.

Облустук сынакка шаар-райондордо өткөрүлгөн сынактарда жеңүүчү болгон жалпы 6 команда катышып, жыйынтыгында жеңүүчү командалар аныкталды.

Жеңүүчүлөр:

  • 1-орун — Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов  атындагы орто мектебинин «Перекресток» командасы;
  • 2-орун — Кочкор районунун Ишеналы Арабаев атындагы орто мектебинин «Ак-Жол» командасы;
  • 3-орун — Нарын районунун Абылкасым Жутакеев  атындагы орто мектебинин «Эдельвейс» командасы.

Жеңүүчүлөргө балуу белектер, кубок, дипломдор жана грамоталар тапшырылды.

Ал эми 1-орунду ээлеген Кычан Жакыпов  атындагы орто мектебинин «Перекресток» командасы республикалык мелдешке катышууга мүмкүндүк алды.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version