Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Нарындык окуучулар эл аралык форумда ийгилик жаратышты

Билим АКИpress – «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Нарын облустук филиалынын 6 окуучусу «Биз — XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык форумунда ийгилик жаратышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга директор Р.Турдалиева билдирди.
Анын айтымында, 1-орунду орунду 3 окуучу багындырды:
- Турдакунов Нурэл — «Приборлор, радио жабдуулар жана телекоммуникациялык системалар»;
- Жолдошбекова Айдеми — «Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер»;
- Карыбекова Аяна — «Маалыматтык технологиялар жана программалоо».
2-орун:
- Абдиева Акбийке — «Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар».
3-орун:
- Мамытканова Нурайым — «Дубал моделдери».
- Сабырбеков Нурдан — «Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар».
Абдысатаров Майрамбек жана Асылбекова Мырзайым активдүү катышкандыгы үчүн баалуу сыйлыктарга ээ болушту.
Эл аралык форумдун алкагында өткөрүлгөн «Мекеним — өзөгүм» достук кечинде Нарын облусунун командасы грамота менен сыйланды.
За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.
Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
