Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Нарындык окуучулар эл аралык форумда ийгилик жаратышты

Билим АКИpress – «Алтын түйүн» улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын Нарын облустук филиалынын 6 окуучусу «Биз — XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз» эл аралык форумунда ийгилик жаратышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга директор Р.Турдалиева билдирди.

Анын айтымында, 1-орунду орунду 3 окуучу багындырды:

  • Турдакунов Нурэл — «Приборлор, радио жабдуулар жана телекоммуникациялык системалар»;
  • Жолдошбекова Айдеми — «Жаңы теориялык иштелмелер жана моделдер»;
  • Карыбекова Аяна — «Маалыматтык технологиялар жана программалоо».

2-орун:

  • Абдиева Акбийке — «Энергия жана энергия сарамжалдоочу технологиялар».

3-орун:

  • Мамытканова Нурайым — «Дубал моделдери».
  • Сабырбеков Нурдан — «Робототехника жана автоматташтырылган технологиялар».

Абдысатаров Майрамбек жана Асылбекова Мырзайым активдүү катышкандыгы үчүн баалуу сыйлыктарга ээ болушту.

Эл аралык форумдун алкагында өткөрүлгөн «Мекеним — өзөгүм» достук кечинде Нарын облусунун командасы грамота менен сыйланды.

За событиями в Кыргызстане следите в Телеграм-канале @akipress.

Бул макала Билим АКИpress басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат.
Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version