Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushКечээ, 17-майда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айыл аймагынын Борбаш айылында жаңы социалдык комплекс курулуп, элге пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ноокат райондук мамлекеттик администрациясы маалымдады.

Комплекс үчүн Көк-Жар айыл өкмөтү тарабынан 2 гектар жер аянты бөлүнүп, тиешелүү укуктук документтер даярдалып берилген.

Курулуштун жалпы сметалык баасы 11 миллион 500 миң сомду түздү. Анын ичинен 1 миллион 100 миң сому жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары каралса, 1 миллион 400 миң сому айыл тургундары тарабынан демөөрчүлүк жолу менен каржыланган.

Курулуш иштери 2024-жылдын июнь айында башталып, бир жылга жетпеген убакыттын ичинде толугу менен аяктаган.

Социалдык комплекстин курамына мектеп, фельдшердик-акушердик пункт (ФАП) жана мечит кирет.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version