Ош облустук милициясы элге туура эмес маалыматтарды таратып жоопкерчиликке тартылып калбоону эскертти

Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush — Ош облустук милициясы жарандарга туура эмес маалыматтарды таратуу менен жоопкерчиликке тартылып калбоону эскертет.

Маалыматка караганда, улуттук, диний жана региондор аралык кастыкты козутуп алуудан сак болууу зарыл.

«Социалдык тармактарды  улуттук ар-намысты, кемсинткен чагымчыл мүнөздөгү билдирүүлөрдү, комментарийлерди жазып, сүрөт-видеолорду жана башка материалдарды сактап же бөлүшүү аркылуу улуттук, диний жана региондор аралык кастыкты козутуп алуудан сак болунуздар! 

Жарандын кыймыл-аракети рассалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга алып келсе, анда ал Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесине (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) ылайык жоопкерчиликке тартылат», – деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link