Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushОш облусунда бир жуманын ичинде 209 жаранга укук бузуу боюнча протокол толтурулду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка караганда, 2025-жылдын 1-8-май күндөрү Ош облусунун аймагында «Араккеч» аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүлдү.

Анын алкагында кызматкерлер коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичип алып, мас абалда адепсиз аракеттерди жасаган жарандарды аныктап, аларга карата мыйзамда каралган чараларды көрүштү.

Тактап айтканда, кызматкерлер үй-бүлөлүк жана балдарга карата зомбулукту алдын алуу максатында жергиликтүү социалдык коргоо жана медицина кызматтарынын өкүлдөрү менен биргеликте спирт ичимдиктерин туруктуу ичкен жарандардын үй-бүлөсү жана алардын жашоо шарты менен жакындан таанышып чыгышты.

Чогултулган материалдардын негизинде 12 жаран алдын алуу каттоосуна алынып, 3 жаран жүрүм-туруму оңолгондугуна байланыштуу каттоодон чыгарылды. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин беренелеринин негизинде 209 жаранга протокол толтурулуп, жалпы суммасы 145 миң сом айып пул салынды.

Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында түнкү кайгуулдар уюштурулуп, дүкөн ээлерине спирт ичимдиктерин жана тамекини жашы жете электерге сатпоо тууралуу эскертүүлөр берилди.

Коомдук жайларда катталган кылмыштардын жана үй-бүлөлүк зомбулуктардын басымдуу бөлүгү дал ушул спирт ичимдиктерин ичип алгандан кийинки жасалган аракеттерге байланыштуу экендиги аныкталган.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version