Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushОш шаарындагы жол куруу иштерине байланыштуу Амир-Темур көчөсүнүн бир бөлүгү ачылып, Мамыров көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу  мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка караганда, Амир-Темур (мурунку Калинин) көчөсү Мамыров көчөсүнөн тартып Абдыкадыров көчөсүнө чейинки аралыкка асфальттын биринчи катмары төшөлүп бүткөндүгүнө байланыштуу, бул жол тилкеси бүгүн, 24-май күнү ачылат.

Ал эми Мамыров көчөсү Амир-Темур көчөсү менен кесилишкен жерден тартып күн чыгышты көздөй, Садырбаев көчөсү менен кесилишкен жерге чейинки аралыктагы жол кыймылы бүгүн, 24-май күнү саат 21:00дөн тартып убактылуу жабылат.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version