Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushОш шаарын жана Араван районун бириктирген негизги Көкүм-Бий көчөсүндө асфальт төшөө иштери башталды. Азырынча биринчи катмары болжол менен 1 чакырым аралыкка төшөлүп бүттү.

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, долбоордун алкагында жалпы узундугу 4100 метрди түзгөн, туурасы 14 метр болгон жолго асфальт төшөлөт. Ал 4 катар унаа жүрүүгө ылайыкталып жасалууда.

Көчөнүн жээктеринде арыктар курулуп, жер алдындагы суусу көп болгон аймактарында 1,5-2 метр тереңдикте жер казылып, таштар төшөлүп кайра тегизделүүдө. Мындан тышкары, ирригациялык системалар курулуп, жол четиндеги бордюрлар орнотулуп, суу түтүктөрү жер астынан өткөрүлүүдө.

12-май күнү Көкүм-Бий көчөсү 4 күнгө убактылуу жабылып, №6 муниципалдык автобус жана №106, №113 маршруттук каттамдардын багыттарына өзгөртүүлөр киргизилген.

Курулуштун жүрүүсүн Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы көзөмөлдөөдө.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version