Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-майда Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Сузак районундагы «Жалал-Абад» эл аралык аэропортунун курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты.
Аэропорт 380 гектардан ашык аянтка жайгашаары маалымдалды. Эки кабаттуу жүргүнчү терминалынын аянты 10 миң чарчы метрди түзүп, өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 350 жүргүнчүнү түзөт.
Садыр Жапаров учурда өлкөдө авиажүргүнчүлөрдүн агымынын олуттуу өсүшү менен ички жана эл аралык аба каттамдарына суроо-талаптар жогорулап жатканын белгиледи.
Аэродромдун инфратүзүмү эл аралык стандарттарга жооп берет: 3800 метрлик учуу-конуу тилкеси, эки рулеждик жолчо жана 6 учак токтотуучу жай аэропортко жүргүнчүлөрдү да, жүктөрдү да кабыл алууга мүмкүндүк берет.
Жаңы аэропорт 4E категориясына кирет, бул «Boeing 737», «Airbus A320» жана «A321» сыяктуу чоң учактарды кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн ачат.
Мамлекет башчы Кыргызстан 2006-жылдан бери кирген Европа биримдигинин «кара тизмесинен» чыгуу боюнча 3 жылдан бери ийгиликтүү иштеп жатканын жана буга чейин Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) 2 аудитинен өткөнүн баса белгилеп, Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги ушул айда Брюсселге кошумча документтерди тапшырууну пландап жатканын кабарлады.
Ал ошондой эле Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту колледжден жогорку окуу жай катары кайра түзүлгөнүн эске салды.
«Өлкөдө 2021-жылдан бери жүргүнчүлөрдүн агымы 46%га, рейстердин саны 31%га өстү. Жаңы учактар алынып, мурда токтоп турган аймактык аэропорттор ишке киргизилди. Мындай жетишкендиктерибиздин арасында “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясынын ордун баса белгилеп, анын ички каттамдарды баарын калыбына келтирип, Талас, Каракол, Кербен сыяктуу шаарлар менен аба байланышын камсыз кылууга жетишкендигин айта кетейин», – деди Садыр Жапаров.
Азыркы «Жалал-Абад» аэропорту 1938-жылы жайкы талаа катары ачылган. 1972-жылдан бери аэробекет имараты жана асфальтталган учуу-конуу тилкеси ачык. Быйыл бул жерде 80 миңден ашык жүргүнчүнү тейлөө күтүлүүдө. Бирок азыркы инфратүзүмү өсүп жаткан агымга туруштук бере албайт.
Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров жөн гана оңдоп-түзөбөй, нөлдөн баштап курула турган «Жалал-Абад» эл аралык жаңы аэропорту жалпы Фергана өрөөнүндө логистика, соода, туризм жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгиледи.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
