Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Россиянын президенти Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына карата Украинага карата ок атуу убактылуу токтотула тургандыгын кабарлады.

Расмий Кремль берген маалыматка ылайык, Россия тарап 7-майдан 8-майга караган түнү саат 00:00дөн 11-майга караган түнү саат 00:00гө чейин Украинага карата согуштук аракеттерин убактылуу токтотот.

Путин буга чейин Пасхада да ок атуу токтотула тургандыгын жарыялаган. Ал 19-апрелде саат 18:00дө башталып, 21-апрелге караган түнгө чейин уланган.

Ошол күндөрү эки тарап тең бири-бирин убаданы бузууга айыптаган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version