Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Россиянын Хабаровск крайынын Комсомольск-на-Амуре шаарында эки кыргызстандыкты унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

25-апрелде «Toyota Succeed» үлгүсүндөгү унаанын 65 жаштагы айдоочусу жөө жүргүнчүлөр өтмөгүндө 2004-жылы туулган М.А. жана И.К. аттуу кыргызстандыктарды сүзүп кеткен.

Кыргызстандын Владивостоктогу элчилигинин канцеляриясы жана ардактуу консулу Хабаровск крайынын укук коргоо органдары менен байланышта болуп, окуянын чоо-жайын териштирүүдө.

«Россия тарапка окуяны калыс иликтөө жана жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жөнөтүлдү. Жабыркагандардын жакындарына консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүүдө», – деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version