Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  19-майда президент Садыр Жапаров кол койгон Жол фонду жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди.

3-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалат:

1. Жол фондунун каражаттары төмөнкүлөргө гана жумшалат:

1) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун долбоорлоону, курууну, күтүүнү, оңдоону, реконструкциялоону жана өнүктүрүүнү каржылоо;

2) жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун куруу, күтүү жана оңдоо үчүн материалдарды (анын ичинде битум, шагыл), ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн максаттар үчүн күйүүчү-майлоочу майларды сатып алуу.

Документ 3-1-берене менен толукталды, анын мазмуну төмөнкүдөй:

3-1-берене. Республикалык бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдар

Транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга республикалык бюджетте каралган каражаттардан төмөнкү чыгымдар өзүнчө каржыланат:

1) Жол фондунун катчылыгын күтүү;

2) тармактагы мезгилдүү басма сөздөрдү чыгаруу, кызматтык адабияттарды, китептерди, колдонмолорду, нормативдик-техникалык документтерди, стандарттарды, маалыматтык бюллетендерди жана окуу куралдарын, КР транспорт жана коммуникациялар жаатындагы ыйгарым укуктуу органынын өндүрүштүк-чарбалык ишин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бланктык продукцияларды даярдоо жана басып чыгаруу;

3) кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана окутуу;

4) илимий-техникалык изилдөөлөр.

 Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Ал буга чейин Жогорку Кеңеш тарабынан 2025-жылдын 24-апрелинде кабыл алынган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version