Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  15-майында Түркиянын Анталья шаарында Балыкчы шаары менен Кепез муниципалитетинин ортосунда боордоштук жана кызматташтык тууралуу протоколго кол коюлду, деп маалымдады.

Ага Балыкчы шаарынын мэри Азамат Арнабек уулу жана Антальянын Кепез муниципалитетинин мэри Месут Кожагөз катышты.

Протоколго кол коюунун жыйынтыгында тараптар айыл чарба, шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, инфраструктура, билим берүү, маданият, туризм жана кайра жаралуучу энергия булактары сыяктуу тармактарда активдүү кызматташууга жана тажрыйба алмашууга даяр экендиктерин билдиришкен.

Маалымат үчүн:

Кепез муниципалитети — Анталья шаарынын калкы 650 миңден ашкан, эң ири жана динамикалуу өнүгүп жаткан райондорунун бири.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version