Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

Turmush5-май күнү Талас районунун Шумкар-Уя айыл аймагынын Ленин айылында жол кырсыгы катталып, үч адам каза болду.

Маалым болгондой, Тараз—Талас—Суусамыр автожолунда кечки саат 21:40 чамасында «Honda Odyssey» жана «Hyundai Santa Fe» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен 3 адам окуя болгон жерде каза болгон.

Мындан тышкары, ар кандай жаракаттарды алган 6 адам Талас облустук ооруканасына жеткирилген.

Дарыгерлердин айтымында, учурда жабыркагандардын бешөө дарылангандан кийин үйлөрүнө чыгарылган. Жаракат бөлүмүндө дагы бир бейтап дарылануусун улантууда. Анын абалы азыр туруктуу деп бааланууда.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version