Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоӊ районунда «Ардагерге белек» акциясы өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. 

Маалыматка караганда, Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын «Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын уюштуруу жана ѳткѳрүү жѳнүндѳ» 2024-жылдын 23-декабрындагы №240 тескемеси менен бекитилген иш-чаралар планына ылайык, райондун аймагында «Ардагерге белек» акциясы өтүп жатат.

Анын алкагында Тоӊ райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бакытбек Осмоновдун демилгеси менен райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын каттоосунда турган ооруктун 4 эмгекчиси жана согуштун 21 ардагерлеринин жесирлери райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигине, айыл өкмөт башчыларына жана мекеме жетекчилерине шефтикке бекитилип берилген. 

Бул багытта жетекчилер алардын үйлөрүнө барып, ал-абалы менен жеринен таанышып, майрамдык белектер тапшырылууда.

 Акция 2025-жылдын 8-майында жыйынтыкталат. 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version