Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
Turmush — Тогуз-Торо районундагы «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркына фотокапкандар коюлду.
Аталган парктын жетекчиси Атайбек Камбаралиевдин айтымында, фотокапкандар мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүүдө максатында Көк-Арт жана Кылдоо участкаларына коюлду.
«Алгач парктын кызматкерлерине окутуу уюштурулуп, андан соң фотокапкандар Көк-Арт участкасы аркылуу таш бетиндеги жазууларга, (петроглифке) баруучу чоң капчыгайга, ал эми Кылдоо участкасынын бир нече алыскы аймактарына орнотулду», – деди ал.
Аталган аймактарда аюу, тоо эчки, марал сыяктуу жапайы жаныбарлар көп экени айтылып келет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
