Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushТогуз-Торо районундагы «Саймалуу-Таш» мамлекеттик жаратылыш паркына фотокапкандар коюлду. 

Аталган парктын жетекчиси Атайбек Камбаралиевдин айтымында, фотокапкандар  мыйзамсыз аңчылыкка каршы күрөшүүдө максатында Көк-Арт жана Кылдоо участкаларына коюлду. 

«Алгач парктын кызматкерлерине окутуу уюштурулуп, андан соң  фотокапкандар Көк-Арт участкасы аркылуу таш бетиндеги жазууларга, (петроглифке) баруучу чоң капчыгайга, ал эми Кылдоо участкасынын бир нече алыскы аймактарына орнотулду», – деди ал.  

Аталган аймактарда аюу, тоо эчки, марал сыяктуу жапайы жаныбарлар көп экени айтылып келет. 

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version