Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан 12-майына чейин алтын өлчөнгөн куймаларынын бардык түрлөрүнө суроо-талап жогору болууда. Бул тууралуу «Tazabek» агенттигине Улуттук банктан билдиришти.
Улуттук банк тарабынан 2025-жылдын 1-январынан 12-майына чейин жалпы суммасы 486 млн сомдук 57,4 кг аффинаждалган алтын өлчөнгөн куйма сатылды.
2024-жылы Улуттук банк жалпы суммасы 463,7 млн сомдук 63,8 кг аффинаждалган алтын өлчөнгөн куйма саткан. Көлөм 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 77,7%га көбөйдү.
2025-жылдын 13-майына карата алтын өлчөнгөн куймалардын баасы төмөнкүдөй:
– 1 гр – 10 527,5 сом;
– 2 гр – 19 752,5 сом;
– 5 гр – 47 481 сом;
– 10 гр – 93 085 сом;
– 31,1035 гр – 289 923 сом;
– 100 гр – 940 942,5 сом.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
									 
					