Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызстанда 2025-жылдын 1-январынан 12-майына чейин алтын өлчөнгөн куймаларынын бардык түрлөрүнө суроо-талап жогору болууда. Бул тууралуу «Tazabek» агенттигине Улуттук банктан билдиришти.

Улуттук банк тарабынан 2025-жылдын 1-январынан 12-майына чейин жалпы суммасы 486 млн сомдук 57,4 кг аффинаждалган алтын өлчөнгөн куйма сатылды.

2024-жылы Улуттук банк жалпы суммасы 463,7 млн сомдук 63,8 кг аффинаждалган алтын өлчөнгөн куйма саткан. Көлөм 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 77,7%га көбөйдү.

2025-жылдын 13-майына карата алтын өлчөнгөн куймалардын баасы төмөнкүдөй:

– 1 гр – 10 527,5 сом;

– 2 гр – 19 752,5 сом;

– 5 гр – 47 481 сом;

– 10 гр – 93 085 сом;

– 31,1035 гр – 289 923 сом;

– 100 гр – 940 942,5 сом.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version