Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.
АКИpress – Кыргызстандык спортчу Зафарбек Камилов жаштар арасындагы бокс боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына жолдомо алды. 22 жашка чейинки спортчулар арасындагы турнир Шри-Ланканын Коломбо шаарында өтүп жатат.
Камилов 54 кг салмак категориясында күч сынашууда. Бул салмакта жалпысынан 10 спортчу бар.
Кыргызстандык боксчу мелдешти 1/8 финалдан баштап, казакстандык Муратулы Кенжени жеңди. 16-майдагы чейрек финалда Вьетнамдан барган спортчуга каршы беттешип, жеңүүчү аталды. Анын жыйынтыгы менен жарым финалга жолдомо алды.
Жарым финалда Камилов тажикстандык Анушервон Фазыловго каршы беттешет.
Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды
