Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызстандык спортчу Зафарбек Камилов жаштар арасындагы бокс боюнча Азия чемпионатынын жарым финалына жолдомо алды. 22 жашка чейинки спортчулар арасындагы турнир Шри-Ланканын Коломбо шаарында өтүп жатат.

Камилов 54 кг салмак категориясында күч сынашууда. Бул салмакта жалпысынан 10 спортчу бар.

Кыргызстандык боксчу мелдешти 1/8 финалдан баштап, казакстандык Муратулы Кенжени жеңди. 16-майдагы чейрек финалда Вьетнамдан барган спортчуга каршы беттешип, жеңүүчү аталды. Анын жыйынтыгы менен жарым финалга жолдомо алды.

Жарым финалда Камилов тажикстандык Анушервон Фазыловго каршы беттешет.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version