Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Украинанын президенти Владимир Зеленский Россиянын лидери Владимир Путиндин алдын ала шартсыз түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү баштоо сунушуна жооп берди.

«Орустардын согуштун аякташы жөнүндө ойлонуп жаткандыгы жакшы жышаан. Дүйнө жүзү муну көптөн бери күтүп жаткан. Кандай гана согуш болбосун аны чыныгы бүтүрүүнүн биринчи кадамы – бул ок атууну токтотуу. Бир күн болсо да киши өлтүрүүнү улантуунун мааниси жок. Россия эртең, 12-майдан баштап ок атууну толугу менен узак мөөнөткө жана ишенимдүү түрдө токтотконун ырастайт деп күтөбүз. Ошондо гана Украина жолугушууга даяр», – деп жазган Зеленский Telegram-каналында.

Украина президентинин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак билдиргендей, Киев тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин сүйлөшүүлөргө макул болот.

Россиянын президенти Владимир Путин 11-майга караган түнү Украинага 15-майда Стамбулда эч кандай алдын ала шартсыз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүнү сунуштаган.

 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version