Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

TurmushӨзгөн районунун Дөң-Булак айыл өкмөтүндө 400дөн ашуун энелердин катышуусунда Энелер күнү белгиленди. Бул тууралуу Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Дүйшөнбек Батаев билдирди.

Анын айтымында, иш-чарага баатыр энелер, билим берүү, медицина жана башка тармакта эмгектенип, эс алууга чыккан энелер, көп балалуу аялдар келишти. 

Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов бул майрам президенттин жарлыгы менен 2012-жылдан бери белгиленип келе жатканын, быйыл 152 эне «Баатыр эне» орденин, «Эне даңкы» медалын алышканын белгиледи. 

Майрамга келген энелерге сый-тамак, белектер берилди. Майрам концерттик программа менен коштолду. 

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version