Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Жакында 500 соттолуучу жумушка тартылышы мүмкүн, деди Жазаларды аткарууу мамлекеттик кызматынын төрагасы Улан Жолдубаев бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңештин  Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында.

«Учурда сырткы жана ички инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Себеби 2025-жылга мамлекет тарабынан өндүрүшкө каражат бөлүнгөн жок. 2 инвестор менен сүйлөшүп жатабыз. Майдын аягында келишимге кол коюлуп кала турган болсо, 500дөй соттолуучуну өндүрүшкө тартабыз», – деди ал.

Анын айтымында, учурда кыргыз-тажик чек арасына орнотулуп жаткан 48 километр зым абакта кармалуучулар тарабынан даярдалган.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version