Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызгидромет билдиргендей, 11-майга караган түнү Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймагында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймакта жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан катуу жаашы ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин күчөшү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түн ичинде +12…+17

күндүз +24…+29

Талас облусу

түн ичинде +8…+13

күндүз +21…+26

Баткен облусу

түн ичинде +12…+17

күндүз +24…+29

Ош, Жалал-Абад облустары

түн ичинде +12…+17

күндүз +24…+29

Ысык-Көл облусу

түн ичинде +7…+12

күндүз +15…+20

Нарын облусу

түн ичинде +4…+9

күндүз +16…+21

Бишкекте булуттуу аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +27…+29 градус болот.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version