Бул тууралуу EurasiaPluse маалымат агенттиги билдирди.

АКИpress –  Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Кореяда өткөн жеңил атлетика боюнча Азия чемпионатында 8-орунду ээледи.

Турнир 27-майда Гуми шаарында башталып, биринчи күнү Кыргызстандан 5 спортчу ат салышты.

Эки кыргызстандык жөө күлүк 10 000 метрге жарышка чыкты. Кеңешбеков 29 мүнөт 45 секунд убакыт менен марага келип, 8-орунду ээледи. Илья Тяпкин 31 мүнөт 31 секундда чуркап келип, 15-орунду ээледи.

1 500 метрлик жарышка дагы эки кыргызстандык катышты — Самат Казакбаев 17-орунду, ал эми Жусуп Сулайман уулу 19-орунду ээледи.

Руслан Литовский 400 метр аралыкка чуркап, 21-орунду алды.

Сүрөт: akipress.org сайтынан алынды

Source link

Share.
Exit mobile version